Ташкентте миң орундуу COVID борбору ачылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ташкент шаарынын Үчтепе районунда коронавирустун белгилери байкалган бейтаптарды кабыл алуу жана бөлүштүрүү борбору ачылды.

Шаар бийлиги 23-сентябрдын кечинде жарыялаган видеороликте Үчтепенин акиминин орун басары Бобур Мирзаев борбор «берешен ишкерлердин жана демөөрчүлөрдүн» жардамы менен ачылганын айтты.

Миң кишиге ылайыкташтырылган медициналык жай алгачкы иш күнүндө 50дөн ашуун бейтапты кабыл алды.

«Ушул тапта борбордо 72 киши иштеп жатат, алардын ичинен 60 кызматкер - дарыгерлер жана медайымдар, калганы - ыктыярчылар», деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Ташкентте «Узэкспоборбордо» 1000, «Жаштык» спорткомплексинде 520 жана Гимнастика сарайында 750 орундуу борборлор ачылган.

24-сентябрдагы маалыматка караганда Өзбекстанда коронавирус жукканы аныкталгандар 54 миңге жакындады. Алардын 445и көз жумган.

Дагы караңыз

COVID-19: Партиялар санитардык эрежени сактабай жататCOVID-19: Коронавирус дагы 127 кишиден жаңы табылды Биринчи вице-премьер тойлорду жана массалык иш-чараларды тыюу маселесин көтөрдү Элетти көпүрө менен алдаган партиялар