Улуттук банктын маалыматына караганда, 23-сентябрда жалпысынан 11,2 миллион доллар валюта рыногуна чыгарылды.
Бул аракет улуттук валюта – сомду колдоо максатында ишке ашты. Улуттук банк ушуну менен сентябрда долларды сатуу боюнча экинчи ирет интервенция жүргүздү.
2020-жылдын башынан бери валюта рыногунда сатылган доллар 238,6 миллионду түздү.
Акыркы кезде Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу жогорулап жатат.
23-сентябрда бир доллардын наркы 80 сомго чейин көтөрүлдү. (NT)