Кыргызстанда 24-сентябрга карата 127 адамдан коронавирус табылды. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 101и айыкты. Каза болгондор катталган жок.
Жаңы катталган учурлар:
Ош облусунда - 38;
Баткен облусунда - 29;
Жалал-Абад облусунда - 20;
Бишкек шаарында - 19;
Ош шаарында - 8;
Чүй облусунда - 4;
Ысык-Көл облусунда - 4;
Талас облусунда - 3;
Нарын облусунда - 2.
Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45757 кишиге жетти. Алардын 42 005и айыгып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.
Бейтап болгондордун 3214 медицина кызматкерлери. Алардын 2896сы сакайды. 70тен ашууну көз жумду.
Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.
АКШнын Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 24-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 32 миллионго жакындап баратат. Алардын 975 миңден ашууну көз жумду, 22 миллиондой бейтап айыкты.
Оору эң көп тараган мамлекеттер:
АКШ - 6 933 248;
Индия - 5 646 010;
Бразилия - 4 591 364;
Орусия - 1 117 487.
Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары быйыл 18-мартта аныкталган. (SE)