Кыргызстанда 23-сентябрга карата 88 адамдан коронавирус табылды. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 108и айыкты. Каза болгондор катталган жок.
Жаңы катталган учурлар:
- Баткен облусу – 29;
- Ош облусу - 24;
- Бишкек шаары - 9;
- Жалал-Абад облусу – 8;
- Чүй облусу - 8;
- Ысык-Көл облусу - 5;
- Ош шаары - 1;
- Талас облусу - 3.
Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45 630 кишиге жетти. Алардын 41 904ү сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.
Бейтап болгондордун 3 208 медицина кызматкерлери. Алардын 2 874ү сакайды. Жетимиштен ашууну көз жумду.
Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.
АКШнын Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 23-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 31 миллион 500дөн ашты. Алардын 969 миңдейи көз жумду, 21 миллион 600 миңдей бейтап айыкты.
Оору эң көп тараган мамлекеттер:
АКШ - 6 895 685;
Индия - 5 562 663;
Бразилия - 4 558 040;
Орусия - 1 111 157.
Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары быйыл 18-мартта аныкталган. (SE)