Куш тумоосу Казакстандын беш облусуна тарады

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын беш облусунда - Түндүк Казакстан, Акмоло, Костанай, Павлодар жана Караганды облустарында үй канаттуулары кырылууда.

Бул тууралуу 21-сентябрда Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифинг учурунда айыл чарба министринин орун басары Гүлмира Исаева билдирди.

«Ушул тапта беш облуска караштуу 26 райондо жана 47 айылда канаттуулар кырылып жатканы аныкталды. Жеке үй-жайларда 12 926 канаттуу өлгөн. Түндүк Казакстан облусунда 41 миңден ашык куш кырылган», - деди ал.

Исаеванын айтымында, үч облуста канаттуулар куш тумоосунан кырылып жатканы аныкталды, эки облуста лабораториялык иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.

Бир нече күн мурун Казакстандын Айыл чарба министрлиги Түндүк Казакстан облусунда «жогору патогендүү куш тумоосу» тараганын, ага каршы күрөш башталганын кабарлаган. 26-августта Казакстан Орусиянын Омск облусунда куш тумоосу чыккандыктан, ал жактан канаттуулардын этин алып келүүгө тыюу салган.

Казак бийлиги үй канаттуулары кырылган фермерлерге компенсация төлөнөрүн билдирген.

Расмий маалыматтарга караганда, 4,7 миллион канаттуу үчүн 1,4 миллион доза вакцина бөлүндү. Буга кошумча дагы бир миллион вакцина сатып алуу пландалууда. Тумоо тараганга чейин 11,8 миллион канаттуу эмдөөдөн өткөн.