21-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги Мамлекеттик тил күнүнө карата чыгарылган 18 китептин бет ачар аземин өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын колдоо боюнча улуттук программанын алкагында 8 409 нускада 18 китеп басылып чыккан. Иш-чарада китептер боюнча талкуу болуп, авторлорго сый акы берилди. Басылып чыккан китептер майыптарга, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелерине багытталган. Билим берүү министрлиги бул китептерди чыгарууга канча каражат сарпталганын маалымдаган жок.
Дагы караңыз
Сексизм, эйджизм жана газлайтинг Эгемендикти эңсеген жана ага жеткирген бабаларга таазимКитепкөйлүктү жайылтыш үчүн талдоо зарылКыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна 31 жыл толду. 23-сентябрь 1989-жылдан бери кыргыз тилинин майрамы катары белгиленип келатат. (TSh)