Вашингтон БУУнун Иранга каршы бардык санкцияларын жандантты

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео. 19-сентбярь, 2020-жыл.

Кошмо Штаттары Европадагы өнөктөштөрүнүн каршылыгына карабастан БУУнун Иранга каршы бардык санкцияларын бир тараптуу жандантты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 19-сентябрда жасаган билдирүүсүндө Вашингтон БУУнун санкцияларын катаалдаштыруу үчүн кошумча чараларды жарыяларын билдирди:

- Эгер БУУга мүчө мамлекеттер бул санкциялардын ишке кириши боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбаса, АКШ ички ыйгарым укуктарын пайдалануу менен бул үчүн чара көрүүгө даяр.

АКШнын бул билдирүүсүнөн кийин Ирандын улуттук акчасы долларга карата кунун кескин жоготту.

Буга жооп катары Иран 20-сентябрда дүйнөнүн калган бөлүгүн Вашингтондун «акылсыз аракеттерине» каршы биригүүгө чакырды. Бул тууралуу Тегерандагы басма сөз жыйынында Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Саид Хатизаде билдирди.

Дагы караңыз

Трамптын Иранга каршы сунушу колдоо тапкан жокПомпео: «Кадамыбызды алдын-ала айтпайбыз»Трамп Конгресс менен Иран боюнча тирешүүдө

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши август айында АКШнын Иранга каршы бардык санкцияларды кайра жандантуу аракетине жол бербей койгон. Кеңешке мүчө 15 мамлекеттин көбү каршы чыгышкан.

Иранга каршы санкциялардын көпчүлүгү 2015-жылы Тегеран менен кубаттуу алты державанын ортосунда келишилген өзөктүк макулдашууга ылайык алынган. 2018-жылы АКШ ал макулдашуудан чыгып кеткен.