Минск шаарында «Акыйкаттык жүрүшү» өтүп жатат

Беларустагы акциялардын бири. 23-август, 2020-жыл.

Беларустагы акциялардын бири. 23-август, 2020-жыл.

20-сентябрда Беларустун Минск шаарында кезектеги ири акция өтүп жатат. «Акыйкаттык жүрүшү» деп аталган акцияны айрым чет өлкөдөгү Беларус жарандары да колдоп чыкты.

Мунун алдында 19-сентябрда Минскиде аялдардын тилектештик маршы өткөн. Анда ОМОНдор жүздөгөн адамдарды кармап кеткен. Беларустун Ички иштер министрлиги өткөн күнкү акцияда 430 адам кармалганын кабарлады. Мекеме алардын ичинен 385и 20-сентябрда кайра коё берилгенин билдирди.

Аялдардын тилектештик маршына чыккандар кармала баштаганда оппозициячыл NEXTA телеграм-каналы ИИМдин 1003 кызматкери тууралуу маалыматтарды жарыялады. Каналдын авторлору алар демонстранттарды кармоого катышканын, NEXTAда ИИМдин кызматкерлери тууралуу маалымат базасы бар экенин жазды.

Беларустун Ички иштер министрлиги 20-сентябрда күч кызматкерлерине тиешелүү маалыматтар ким тарабынан берилгени иликтене баштаганын билдирди.

Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өтүп, анда Александр Лукашенко жеңүүчү деп табылган. Добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай, Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган элдин демонстрациялары ошондон бери токтобой келатат.