Кремль: "Навальный суу ичкен бөтөлкөдөн уу табылды" деген “сандырак кеп”

Алексей Навальный Томск шаарында түнөгөн мейманкананын бөлмөсүндөгү суу куюлган бөтөлкөлөр. 17-сентябрь, 2020-жыл.

Кремль Германия жана бир катар Батыш өлкөлөрүнүн орус оппозиционери Алексей Навальный Сибирдеги мейманканада бөтөлкөдөгү суу менен ууландырылган деген версиясын “сандырак сөз” деп атады.

Бир айдан бери Германияда ооруканада дарыланып жаткан Навальныйдын командасы оппозиционер Томск шаарында мейманкада ичкен суунун бөтөлкөсү Германияга жеткирилип, андан «Новичок» тобуна кирген нервди шал кыла турган зат табылганын билдирген.

Дагы караңыз ФБК: «Новичоктун» изи Навальный түнөгөн мейманканадан табылды

18-сентябрда Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Батыш өлкөлөрүнүн мындай билдирүүсүн четке кагып, Германияда бөтөлкөдөн алынган анализдин «өзү бүдөмүк» экенин айтты.

«Бул эксперттердин тыянагына каршы келет. Эгер ошол жерде бөтөлкө болсо, анда аны качан, эмне себептен алып кетишкен? Балким кимдир бирөө иликтөө жүргүзүүгө кызыкдар эмес болуп жүрбөсүн? Бул окуяда сандырак сөз көп, андыктан биз так далил болмоюнча ишене албайбыз”, – деди Песков.

Европа парламенти Навальныйдын өмүрүнө кол салуу аракети боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүгө, Евробиримдикти Орусияга каршы санкцияларды кеңейтүүгө чакырган резолюция кабыл алды. Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб менен жолугушкандан кийин Орусияга Навальныйдын ууланышын терең иликтеп, түшүндүрмө берүүгө жетиштүү убакыт берилгенин баса белгилеген.

44 жаштагы Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва багытындагы учакта эсин жоготкон. Учак Омскиге чукул конуп, оппозиционер «Тез жардам» ооруканасына жаткырылган. Эки күндөн кийин Берлиндеги «Шарите» клиникасына которулган. Көп өтпөй дарыгерлер анын ууланганы ырасталганын билдиришкен.

Күндүн темасы

Жек-жаатка толгон «Мекеним Кыргызстан» Этибар алына элек «экинчи толкун»Коопсуздук кеңеши коррупция көйгөйүн талкуулады