«Кызыл зонада» иштеген дарыгерлер көлдө эс алууда
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Пандемиядан улам быйыл Ысык-Көлгө 3,5 миңге жакын медицина кызматкери келип эс алды. Алардын дээрлик бардыгы «кызыл зонага» кирип, кыйын күндө коронавирус менен ооругандарды караган дарыгерлер, медайымдар жана техникалык кызматкерлер. Кыргызстандын профсоюз уюму ар бир дарыгерди көл жээгинде 7 күндөн эс алдырды. Медиктердин айрымдары эс алууга биринчи жолу келгенин айтышты.