Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш коронавирустун жайылышы көзөмөлдөн чыгып баратканын, пандемия глобалдык коопсуздук үчүн «№1 коркунуч» экенин айтты. Бул тууралуу баш катчы БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы жыйынын утурлай билдирди.
Дүйнөлүк уюм күз келгенде дүйнөдө COVID-19 вирусун «жайылышын» факт катары карайт. Гутерриштин пикиринде, вирусту ооздуктоо көзөмөлдөн чыгып кетти. Жакында бул илдеттен өлгөндөр дүйнөдө миллион адамдан ашат деген эсеп бар.
БУУнун баш катчысы «Associated Press» агенттигине «вирус – глобалдык коопсуздук үчүн №1 коркунуч» деп айтты.
Гутерриш COVID-19 илдетине каршы вакцина «дүйнө калкынын баарына тең жеткидей» болушу керек экенин белгилеп, ал үчүн «каржылоодо чукул секирик» жасоо зарыл болорун эске салды. Баш катчынын сөзүнө караганда, эмки жылы планетанын калкын вакцина менен тегиз камсыз кылыш үчүн 35 миллиард доллар зарыл.
Бирок, Гутерриштин оюнда, вакцина пандемиядан улам пайда болгон кризисти жөнгө сала албайт.
17-сентябрда коронавирустун глобалдык көрсөткүчү 30 миллион кишиден ашты. Жума күнгө карай пандемия дүйнөдө 945 миңден ашык кишинин өмүрүн алды.
Дүйнөлүк алкакта коронавируска чалдыккандардын эң көбү АКШда (6,664,021), андан кийин Индия турат (5,118,253), үчүнчү орунда Бразилия (4,419,083) келатат. Европада коронавирус пандемиясы башталгандан бери төрт миллион 900 миңге жакын киши ооруду, 226 миңден ашуун адам көз жумду.
Күндүн темасы
Жек-жаатка толгон «Мекеним Кыргызстан» Төраганын жоругу жана шайлоо мыйзамыМосква Навальный үчүн санкцияга кабылмай болду