Мурдагы модел Эми Доррис АКШнын президенти Дональд Трампты жыныстык зомбулук боюнча айыптоодо

Трамп шайлоочулар менен жолугушууда.

Трамп шайлоочулар менен жолугушууда.

«The Guardian» басылмасынын жазганына караганда, Эми Доррис Дональд Трамп менен 1997-жылы теннис чемпионатында жолугушкан. Ал кезде Трамп ишкерлик кылчу. Дорристин айтуусунда жолугушуудан кийин Трамп аны кучактап, жыныстык ыдык көрсөткөн.

Басылма Дорристин айткандарын анын энеси жана психотерапевти ырасташканын белгилейт.

Ал эми президенттин адвокаттары бул дооматты четке кагышууда. Алар мурунку моделдин айыптоосу президенттик шайлоонун алдында чыгып атканын белгилеп, анда саясий негиз болушу ыктымал деп эсептешет.

Бул президент Трамптан жыныстык ыдык көргөнү тууралуу айыптагандардын алгачкысы эмес. Мурдагы президенттик шайлоодо Трамптын каалаган аялды кармалай аларын айтып мактанганы жазылган аудио тасма чыгып кеткен. Трамп ал сөздөрү үчүн кечирим сураган.

Дональд Трамп АКШ президенттигине 2016-жылкы шайлоодо утуп келген. Быйыл 3-ноябрга белгиленген шайлоодогу Трамптын атаандашы - Демократиялык партиянын өкүлү Жо Байден.

Дагы караңыз

Акыркы үч жылда коррупцияга байланыштуу 6541 иштен сотко 965и гана жиберилгенДССУ Европада коронавирус кайра жайылып жатканын эскерттиПрезидент Жээнбеков күч органдарындагы коррупцияны сындадыТөраганын жоругу жана шайлоо мыйзамыДубайда кыргыз жигити соттолуудаМурдагы элчи Аттокуров Орусиянын да, Кыргызстандын да жараны экенин айттыЕвропарламент Лукашенкону Беларустун президенти катары тааныбайтЭкс-министр Космосбек Чолпонбаев 15-ноябрга чейин камалды