Атамбаевдин туулган күнүндө тарапкерлери УКМКнын алдында пикет өткөрүштү

Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери жана жубайы Раиса Атамбаева УКМКнын алдында. 2020-жылдын 17-сентябры.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бүгүнкү туулган күнүндө үй-бүлөсү менен жолугушууга уруксат берилген жок. Бул тууралуу 17-сентябрда КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы бул боюнча комментарий бере элек.

Мыйзам боюнча тергөө абагында отурган адам менен бир айда экиден ашпаган жолугушууга уруксат берилет. Уруксатты ошол ишти карап жаткан тергөөчү, эгер иши сотко өткөн болсо судья берет.

Ушул эле күнү Атамбаевдин тарапкерлери УКМКнын алдында куттуктоолор жана ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп, пикет өткөрүштү. Чогулгандардын арасында мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова баштаган жакындары жана тарапкерлери бар.

Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Быйыл июнда ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз чыгарылышына айыптуу деп табылып, 11 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы президентке карата козголгон дагы бир иш азыр Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда. 2019-жылы августта күч түзүмдөрү Атамбаевди Батукаев тууралуу суракка алыш үчүн Кой-Таш айылынан кармап кетишкен. Бул операция атайын кызматтын бир офицеринин өлүмү менен аяктаган. Бул үчүн Атамбаев жана анын он чакты тарапкери соттолууда, өкүм чыга элек.

Бүгүн, 17-сентябрда Атамбаев 64 жашка чыкты. Ал УКМКнын тергөө абагында отурат. (RK)