«Социал-демократтар», «Ата Мекен» жана «Мекенчил» партияларынын айрым талапкерлери тизмеден чыкты

«Социал-демократтар» партиясынан эки, «Ата Мекен» жана «Мекенчил» партияларынан бирден талапкер өз арыздарынын негизинде шайлоо тизмелеринен чыгарылды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мындай чечимди 15-сентябрдагы отурумунда кабыл алды.

Талапкерликтен четтегендер:

Рустам Жунушалиев - «Социал-демократтар»

Тилек Абдиев - «Социал-демократтар»

Аман Төлөгөн уулу - «Ата Мекен»

Бабуржан Мамытов - «Мекенчил»

Шайлоо мыйзамдарына ылайык саясий партиялар БШКга 75тен аз эмес, 200дөн ашпаган талапкердин документин тапшырат. Талапкерлеринин документтери талаптарга шайкеш келген партиялар парламенттик шайлоого катышуу укугуна ээ болот. БШК мындай укукту 16 партияга берген.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. (SE)