Байден COVID-19 вакцинасы тууралуу Трамптын айткандарына ишенбейт

Демократиялык партиянын АКШнын президенттигине талапкери Жо Байден шайлоочулар менен жолугушууда. Сентябрь, 2020-жыл.

АКШ президенттигине демократиялык партиядан талапкер болгон Жо Байден саясат коронавируска каршы вакцина иштеп чыгууга жана аны таратууга кийлигишпеши керек экенин билдирди. Делавэр штатында журналисттер менен жолуккан учурда Байден:

«Мен вакцинага, окумуштууларга ишенем. Бирок Трампка ишенбейм», - деди.

Байден дары иштеп чыгуу - маселенин чети гана экенин белгилеп, маселенин баары аны таратууда экенин кошумчалады. Ал мамлекет башына келери менен вакцинаны «натыйжалуу бөлүштүрүү» планын ишке ашыра турганын айтты.

АКШнын президенти Дональд Трамп мурдараак коронавируска каршы вакцинаны элге жайылтуу октябрь айынан тартып башталарын, жыл аягына чейин жалпы 100 млн. доза даяр болорун маалымдаган.

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген.

АКШдагы Жонc Хопкинс университетинин маалыматына караганда, коронавирустун жайылышы боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда АКШ турат. Бул өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны 17-сентябрга карата 6,828 млн. адамдан ашты. Төрт миллиондон ашуун адам оорудан айыкты. 201 348 адам илдеттен көз жумду.

Дагы караңыз

Бишкек шаардык сотунда «Вефа» соода борборуна байланыштуу соттук териштирүү болотБишкектин Жал кичирайонундагы көп кабаттуу үйдө чыккан өрт өчүрүлдүЖал кичирайонунда көп кабаттуу үйдөн өрт чыктыСамаркандда бир тарыхый имарат жок болду СОVID-19: Чолпонбаев жалгыз жоопкерби?Кара-Сууда мугалимдерден ондон шайлоочу алып келүүнү талап кылган билдирүү териштириле баштадыИзраил Бахрейн жана БАЭ менен ынтымакка келди