Беларуста оппозиция лидерине айыбы угузулду

Мария Колесникова.

16-сентябрда беларус оппозициясынын лидерлеринин бири Мария Колесниковага «Улуттук коопсуздукка зыян келтирүүчү аракеттерге чакыруу» беренеси боюнча айып коюлду. Бул тууралуу өлкөнүн Тергөө комитети билдирди.

Колесникова 7-сентябрда кармалып, эки тилектеши менен бирге бийлик тарабынан Украинага күчтөп чыгаруу аракети болгон. Колесникова чет өлкөгө кетпесин билдирип, паспортун тытып жибергенден кийин Беларустун аймагында калган.

9-сентябрда Тергөө комитети оппозициялык Координациялык кеңештин президиум мүчөлөрү Мария Колесникова менен Максим Знак, ошондой эле адвокат Илья Салей «улуттук коопсуздукка коркунуч келтиргени» үчүн кармалганын билдирген.

12-сентябрда Колесникова Минскидеги тергөө изоляторунан Жодинодогу колонияга которулган.

Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган түмөндөгөн эл толкуну ушул күнгө чейин басыла элек. БШК анда өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес.

Дагы караңыз

Миллиондор изи: Суваналиев сыр ачтыКызытманы жашырыш үчүн пара алган эл аралык функционер соттолдуСОVID-19: Чолпонбаев жалгыз жоопкерби?Сабатсыздыктын сазына баткан үгүт