Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсү кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте кылмыш үчүн шектүү катары 20 жаштан 35 жашка чейинки курактагы жети киши курал-жарактар менен кармалды. Алардын үчөө Ички иштер министрлигинде (ИИМ) уюшма топтун мүчөсү катары каттоодо турары белгилүү болду. Бул тууралуу 16-сентябрда шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Криминалдык милициянын Бишкек шаардык кызматынын (КМК) башчысы Улан Айтбаевдин айтымында, бул факт боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

«Бишкекке баш калаанын аймагында кылмыш жасоо максатында туруктуу кылмыштуу топ жашыруун түрдө келгени жөнүндө ыкчам маалымат түшкөн. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» деген 253-беренесинин негизинде катталган», - деди ал.

Алар шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурунда жанынан табылган курал-жарак экспертизага жөнөтүлдү.

Кармалгандар оор жүк ташуучу айдоочуларды тоноого тиешеси бар деп да шек саналууда.

ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн кылмыштуу уюшкан үч топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталган.

Уюшкан кылмыштуулук маселеси 2018-жылы Коопсуздук кеңешинин жыйынында да талкууланып, президент Сооронбай Жээнбеков бул мүшкүлгө каршы күрөш ийгиликтүү болбой жатканынын негизги себеби коррупция экенин айткан. Ал «күч түзүмдөрүндө коррупция болбосо криминалдык топтор бул иштерди жасай албайт» деген.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 2019-жылы «Уюшкан кылмышкерлерди ким ооздуктайт?» деген суроого парламентте жооп берип жатып мындай топтордун мыйзамга каршы иш жасап, бирок эркиндикте жүргөн бир да мүчөсү жок экенин, андайлар ар дайым болуп келгенин жана боло берерин айткан. (RK)