Кыргызстан менен Өзбекстандын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорундагы чечиле элек бир нече тилкени, ошондой 2017-жылы 5-сентябрда кол коюлган кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашууга кирген аймактарды карап чыгышты. Жолугушуунун соңунда тараптар айрым маселелер боюнча бир пикирге келишти. Маалыматта кайсы маселелер экени так айтылган эмес.
24-27-августта Ташкентте Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров жана Өзбекстандын премьер-министринин орун басары деңгээлиндеги кеңешчи Мехриддин Хайриддинов кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулашкан. Анда Мадумаров коронавирус илдетинен жана башка себептерден улам кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын иши солгундап калганын айткан.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 1170 чакырымы же 85% такталган. Дагы 10% боюнча макулдашуу жетишилгени кабарланган. (ZKo)
Дагы караңыз
СОVID-19: Чолпонбаев жалгыз жоопкерби?Талапкер-спикерди талкууга түшүргөн сүйүнчүВандык кыргыздар: Улуу Памирде 100дөй кишиден коронавирус табылдыЭгемендикке каршы чыккан экс-элчиЖЭБ соту: зыянды өндүрүүнүн оош-кыйышыКафелерде, ресторандарда, тойканаларда орунду көбөйтүүгө уруксат жок