Журналисттер 12-сентябрда «Аялдар маршында» кармалган. Аларга 1350 беларус рубли (520 доллар чамалуу) өлчөмүндө айыппул салынып, коё берилди.
Октябрь райондук соту Екатерина Андреева жана Максим Калитовскийге коюлган «милицияга баш ийбегени үчүн» деген айыптоону кайра тергөөгө жиберди.
Беларустагы журналисттер ассоциациясы Андреева менен Калитовский тергөө абагынан чыгарылганын билдирди.
Беларуста жаңы шайлоо өткөрүлүп, азыркы президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган калайман каршылык акциялары бир айдан ашык убактан бери токтой элек. Күч органдары тынч жыйынга чыккандарга ашкере күч колдонуп, зордук-зомбулукка барганы сынга кабылган.
Дагы караңыз
СОVID-19: Чолпонбаев жалгыз жоопкерби?Талапкер-спикерди талкууга түшүргөн сүйүнчүВандык кыргыздар: Улуу Памирде 100дөй кишиден коронавирус табылдыЭгемендикке каршы чыккан экс-элчиЖЭБ соту: зыянды өндүрүүнүн оош-кыйышыТалапкердин талпынганы, дебаттын деңгээли