Экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды

Космосбек Чолпонбаев.

15-сентябрда мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматта турганда шалаакылык кылган жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, Финансы полициясы Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата шалаакылык жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча шек санап, кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле «элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүгө контракт түзүшкөнү аныкталды, ал мамлекеттик бюджетке тогуз миллион сомго жакын суммада зыян келтирген» деп жазылган.

Мурунку министр Чолпонбаевди Финполиция кармалганын анын уулу Эркин Чолпонбаев «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында, экс-министрдин кармалганы боюнча үй-бүлөсүнө маалымат берилген эмес.

Финполдун Тергөө башкармалыгы март айында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган факт боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында экс-министр Чолпонбаевди 6-июлда суракка чакырган. Териштирүү Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча жүрүп жатканы кабарланган.

Ушул эле иштин алкагында Финпол мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы 10-июлда суракка чакырган.

Космосбек Чолпонбаев саламаттык сактоо министри болуп 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган. 2020-жылдын 1-апрелинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Кыргызстанда коронавирус илдети алгачкы жолу 18-мартта катталган. 15-сентябрга карата бул илдетке чалдыккан адамдардын саны 45 миңден, ал эми оорудан көз жумган адамдардын саны миңден ашты. Коронавирустан жана пневмониядан көз жумгандардын көбү июнь-июль айларына туура келет. Кыргыз коомчулугунун бир бөлүгү пандемиянын Кыргызстанга алып келген мындай оор кесепети үчүн Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген мурдагы өкмөттү күнөөлөп келатат. (ZKo)

Дагы караңыз

Талапкер-спикерди талкууга түшүргөн сүйүнчүЭгемендикке каршы чыккан экс-элчиЖЭБ соту: зыянды өндүрүүнүн оош-кыйышыНавальный уулангандан бери «Инстаграмга» биринчи билдирүү жазды Талапкердин талпынганы, дебаттын деңгээли Кафелерде, ресторандарда, тойканаларда орунду көбөйтүүгө уруксат жокКыргызстандын Орусиядагы элчилиги мурдагы элчи Аттокуровдун сөзүн жокко чыгардыАлайдагы петроглифтердин аянычтуу абалы