«Кыргызкөмүр»: Кара-Кечедеги көчкүгө жаан себеп болду, жолду тазалоого бир жума кетет

Кара-Кечедеги көчкү. 14-сентябрь, 2020-жыл. Күбөлөрдүн сүрөтү.

Жумгалда Кара-Кече көмүр кенине жакын аймакта көчкү жүрүшүнө жаан-чачын себеп болду, жабылып калган жолду тазалоого бир жумадай убакыт кетет. Бул тууралуу 15-сентябрда «Азаттыкка» адистердин айтканына таянып «Кыргызкөмүр» ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди:

«Баштапкы маалымат боюнча, көчкүнүн жалпы көлөмү эки миллион куб метр болду. Жолдун тосулуп калган аралыгы 500 метр. Стратегиялык жолдун деңгээлинен эсептегенде бийиктиги 25 метр».

14-сентябрда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда тоо көчкөн. Зоотбекованын айтымында, Дыйкан айылын Кара-Кече көмүр кенинин «Борбордук» деген тилкеси менен байланыштырып туруучу стратегиялык жол тосулуп калган.

Кырсыктын кесепетинен Кара-Кече суусунун нугу да тосулуп, бийиктиги 40 метрлик дамба пайда болгону, электр зымдары үзүлгөнү жана Дыйкан айылы менен каттам токтогону маалымдалды.

Адам өмүрүнө залака тийгени тууралуу маалымат жок.

Окуя болгон жерге Бишкектен тийиштүү мекемелердин жетекчилери барышты. Жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.

Транспорт жана жолдор министрлиги көчкү Дыйкан – Кара-Кече жолунун 37-чакырымында болгонун, Бишкектен барган жетекчилер тобу зыяндын көлөмүн аныктап, кайсы жерге жаңы айланма жол куруларын аныктай турганын кабарлады. (RK)