Фарид Ниязов: «Альфанын» аскерлери сотто чаташып атышат

Фарид Ниязов сот имаратынын алдында. 2019-жылы тартылган сүрөт.

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы, Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучу Фарид Ниязов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» тобунун аскерлери сотто көрсөтмө берүүдө чаташып жатышат деп эсептейт. Фарид Ниязов 14-сентябрда ушундай билдирүү таратып, бул үчүн атайын кызматтын жетекчилигин айыптады. Бул тууралуу «Социал-демократтар» партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» билдирди:

«Ал ушул күнгө чейин «Альфанын» жети кызматкери сотто көрсөтмө бергенин, алар өз көрсөтмөлөрүндө адашып жатышканын айтты. Бул кызматкерлер жетекчилик берген буйрукту аткарып жатышканын, судья жана прокурорлор адвокаттардын аларга суроо беришине тоскоолдук кылышканын билдирди».

Атайын кызмат Ниязовдун билдирүүсүнө комментарий бере элек.

2019-жылдын 7-8-августунда УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу тууралуу суракка баруудан баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда УКМКнын «Альфа» бөлүгүнүн бир офицери курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Бул окуяны иликтеш үчүн мамлекеттик комиссия түзүлүп, Жогорку Кеңеш анын «Атамбаев президент болуп турганда жасаган кылмыштары үчүн жазаланарын түшүнүп Конституцияны жана мыйзамдарды тоготпой, аймак аралык карама-каршылыкка шыкак берген» деген корутундусун колдогон. Комиссия УКМК менен ИИМдин Атамбаевди суракка күч менен алып кетүү боюнча ишин мыйзамдуу деп тапкан.

Кийин мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү кол койгон корутунду менен Жогорку Кеңеште окулган бүтүмдө айырмачылык бар экенин айтылган.

Кой-Таш окуясына байланыштуу козголгон кылмыш ишти тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Алардын катарында Фарид Ниязов да бар. Калган бешөөнүн иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында, калгандары №1 тергөө изоляторунда отурушат.

Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту жабык карап жатат.

14-сентябрдагы соттук отурумда УКМКнын «Альфа» ыкчам тобунун аскерлери көрсөтмө берүүнү улантышты. Жактоочулардын айтымында, жалпысынан 50дөн ашуун жоокер көрсөтмө берет, буга чейин алардын он чактысы сотко барып катышты. (RK)