COVID-19: Министрлик бейтаптардын санындагы 432 кишилик айырма боюнча түшүндүрмө берди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус илдетин жуккандардын санында 432 бейтап боюнча айырма бар. Алардын айыкканы, дарыланып жатканы же көз жумганы тууралуу маалымат жок.

Илдетке каршы республикалык штаб билдиргендей, 18-марттан 14-сентябрга чейин оору жуккандардын жалпы саны - 44 928, алардын ичинен айыккандары - 41 023, каза болгондору - 1063, дарыланып жаткандары - 2410. Баарын кошкондо 44 496 адам болот. Бул сан коронавирус жуккандардын жалпы расмий эсебинен 432ге аз.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев бул жагдайды өлгөндөрдүн санын туура эмес эсептөөгө жана диагнозун аныктоого байланыштырды.

18-августка чейин илдеттен каза болгондор 1468 киши экени айтылган. Кийин кайра эсептелип, 437 адам тизмеден алынган. Бийлик статистика кайра каралып чыкканда алардын өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. Бул жагдай Республикалык штабдын күнүмдүк маалыматына кошулбай жаткандыктан, эсепте эмгиче айырма чыгууда. (SE)