Курортология институту коронавирустан дарылаган акыркы бейтабын үйүнө чыгарды

Чүйдүн Таш-Дөбө (мурунку Воронцовка) айылындагы Курортология жана калыбына келтирүү илимий изилдөө институтунда коронавирустан дарыланып жаткан акыркы бейтап айыгып, үйүнө чыкты. Бул тууралуу 14-сентябда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, эпидемия курчуп турган кезде бул министрлик коронавирусту дарылаш үчүн эки медициналык жайда ачылган атайын бөлүмдөргө жооптуу болгон. Алардын бири – Таш-Дөбөдөгү жай, экинчиси – Улуттук онкология жана гематология борбору.

8-июлдан бери бул эки мекемеде коронавируска чалдыккан 1116 адам дарыланып чыкты. Алардын 1079у айыгып кетти, 37си каза болду.

Кыргызстанда март айында башталган коронавирус эпидемиясы миңден ашуун адамдын өмүрүн алды. Каза болгондор эң көп катталган учур июль айынын биринчи жарымына туш келди.

Бишкекте жугуштуу ооруларды дарылаган бир гана атайын мекеме бар. Ал – Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана. Коронавирус жайылган учурда бул клиникада орун жок калып, өкмөт башка ооруканалардан кошумча орундарды ачууга мажбур болгон. (RK)