БШК: парламенттик шайлоодо майыптардын укуктары эске алынат

Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрдагы парламенттик шайлоо майыптардын укугун эске алуу менен уюштурулуп жатканын билдирди.

12-сентябрда БШКнын жумушчу тобунун жыйынында ушул маселе талкууланып, бир катар эрежелер айтылды:

  • Саясий жарышка аттанган партиялар үгүт кагаздарындагы жазууларды көзү начар көргөн кишилер үчүн чоңураак ариптерде жана Брайль арибинде жазышы керек.
  • Шайлоо тилкелеринде пандус, лупа болууга тийиш.
  • Добуш берүүчү кабинанын бийиктиги 75 кем эмес, бюллетень толтуруучу столдун туурасы 40, узатасы 30 сантиметр болот.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 72 583 майып бар.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия катышууда. (SE)