«The Wall Street Journal» жеке булактарына таянып тараткан маалыматка ылайык, «Oracle» «TikTok» бизнесинин АКШдагы ишенимдүү өнөктөшү болуп калды. Соода операциясы сатуу түрүндө эмес, реструктуризация түрүндө жүргүзүлмөкчү. «Oracle» «TikTok» бизнесине ээлик кылган кытайлык «ByteDance» ишканасына технологиялык өнөктөш болот жана «TikTok» тиркемесинин пайдалануучулары тууралуу маалыматты иштеп чыгат. Азырынча кытайлык компания «TikTok» тиркемесинин канча пайызына ээлик кылары тууралуу так маалымат жок.
«Интерфакстын» маалыматы боюнча, келишимди аягына чыгарыш үчүн АКШ менен Кытай өкмөттөрүнүн макулдугу керек. Мурдараак «TikTok» бизнесинин ээси «ByteDance» аны «Майкрософт» компаниясына сатуудан баш тартканын америкалык «Майкрософт» компаниясы маалымдаган.
Компания: «Биздин сунушубуз «ТикТоктун» колдонуучулары үчүн кыйла утуштуу болмок, ошол эле учурда улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгын да коргомок» деп билдирген.
6-августта АКШ президенти Дональд Трамп эгер америкалык компанияга сатылбаса, «TikTok» тиркемесинин ишин өлкө аймагында токтотуу тууралуу жарлык чыгарган.
«TikTok» бизнесин сатып алууну «Microsoft Corp.», «Walmart Inc.», «Twitter Inc.» да көздөшкөн.
Дагы караңыз
Жерге-Талдан Чоӊ-Алайга жолду ким салган?Минск: Митингчилердин бир бөлүгү Лукашенконун резиденциясына бет алдыГрек премьери түрк кемесинин талаштуу тилкеден кеткенин кубаттадыБелгилүү дипломат Эрик Асаналиев каза болдуКурамы өзгөрбөгөн парламент, энелерди кыйнаган вирусКыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери насыялар тууралуу сүйлөштүБишкекте сабалган аял милицияга арыз жазган эмес