Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан иште Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» ыкчам тобунун аскерлери көрсөтмө берүүнү улантышат. Аталган иш боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, «Альфа» тобунун жалпы 54 аскери көрсөтмө берет.
«Айыпталуучу тараптан жалпы 400 күбө бар. «Альфанын» кызматкерлери көрсөтмө берип бүткөн соң калгандарын сурай баштайбыз», - деди ал.
11-сентябрда судья Марат Сыдыковдун чечими менен Кой-Таш ишин териштирүүнүн мөөнөтү 11-ноябрга чейин узартылган.
2019-жылы 7-8-августта УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.
Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.
Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында. Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта. Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагында отурушат.
Окуя боюнча ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу соттук иш да өзүнчө өтүп жатат.
Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура айыпталуучулардын көбүн жогоруда аталган фактылар боюнча күнөөлүү деп эсептейт. Атамбаев баштаган айыпталуучулар аны четке кагып жүрүшөт.
Биринчи май райондук соту 23-июнда Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл эки айга кескен. Сот аны сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. (ZKo)
Дагы караңыз
Алматыда чогулгандар бийликке талап коюшту Жерге-Талдан Чоӊ-Алайга жолду ким салган?Катарда оогандардын өз ара сүйлөшүүлөрү улануудаГрек премьери түрк кемесинин талаштуу тилкеден кеткенин кубаттадыБелгилүү дипломат Эрик Асаналиев каза болдуКыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери насыялар тууралуу сүйлөштүНаоми Осака АКШнын теннис боюнча ачык чемпионатын жеңди