Евробиримдиктин түштүгүндөгү айрым мамлекеттер эгер Анкара Грекия жана Кипр менен аймактык талаш боюнча сөзгө келбесе Түркияга жаңы санкция киргизерин эскертишти.
Бул тууралуу 10-сентябрда, Франциянын президенти уюштурган «MED 7» тобунун бейформал жыйынынан кийин айтылды. Бул топко шаркеттин Жер ортолук деңизи аймагындагы жети мүчөсү - Франция, Грекия, Италия, Мальта, Португалия жана Испания кирет.
Ушул тапта Грекия менен Кипр газ кору жана деңиз чек аралары боюнча Түркия менен чырдашып жатышат. Анкара талаштуу аймакта газ корун чалгындоого жана өндүрүүгө укугу бар экенин билдирүүдө.
Француз президенти Эммануэл Макрон маселе түрктөрдө эмес, президент Режеп Тайып Эрдоганда экенин айтты. Эрдогандын партиясынын өкүлү Омер Челик Макронду бул сөздөрүн «баскынчылык ыкма» деп «Твиттерде» сындады.
Ошол эле учурда «MED 7» тобунун бүтүмү Евробиримдиктин позициясын билдирбейт.
Түркия бир нече жылдан бери Евробиримдикке кошулгусу келерин билдирип келет. Талдоочулар бул талаш-тартыштардан улам өлкөнүн шаркетке кошулушу оор болорун белгилешет.