Санариптешкен шайлоонун амалкөй ыкмалары

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда шайлоолордо добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалаган учурлар өлкөнүн тагдырын аныктап, башкаруунун сапатын жана натыйжалуулугун көргөзүп келди. Өткөн отуз жылга чукул аралыкта болуп өткөн парламенттик жана президенттик шайлоолордо улам бир айлакер амалдар колдонулуп, шайлоочулардын добуштары уурдалып же жокко чыгарылган учурлар болду.