БШК «Бүтүн Кыргызстан» партиясын талапкер кылып каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясын парламенттик шайлоого талапкер катары каттады. Мындай чечим БШКнын 9-сентябрдагы кечки жыйынында кабыл алынды.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованын сөзүнө караганда, БШК Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге каршы жогорку сот бутагына даттана алат. Бирок БШК партияны ал шайлоонун белгиленген иш-чараларынан артта калбашы үчүн каттоого алды.

Кечээ, 9-сентябрда Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы арызын канааттандырган.

Жараян жүрүп жаткан убакта партиянын тарапкерлери имараттын сыртына чогулуп, соттун калыстыгын талап кылышты.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» талапкерлерин аныктоодо эреже бузган деп таап, каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Учурда үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. (ZKo)

Дагы караңыз

Кенемте дарыгерлерге толук жете элекДүйнөдөгү эң кымбат футболчу айым Сот «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы арызын канааттандырды (видео)АКШ Ирактагы аскерлеринин бир бөлүгүн ушул айда чыгарат