10-сентябрда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 22…27;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 25…27 градус.
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 19…21° болот.