Коронавирустан кийинки реабилитация программасы иштелип чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан кийин организмди үй шартында калыбына келтирүү программасын иштеп чыкты. 8-сентябрда «Беш кадам» деп аталган бул программа министрликтин сайтына жарыяланды.

Мекеменин маалыматына караганда, аны өлкөнүн башкы пульмонологу Талант Сооронбаев жетектеген адистер тобу Улуу Британиянын жана Швейцариянын адистеринин жардамы менен иштеп чыгышты.

Министрлик реабилитация программасы боюнча кеп-кеңеш бере турган адистердин да телефондорун жарыялады.

Профессор Сооронбаев COVID-19га чалдыккандарды реабилитациялоо маселеси өтө маанилүү болуп жатканын 7-сентябрда айткан. Ал мындай бейтаптарга реабилитациялык жардам бериш үчүн дарыгерлер жана медайымдар атайын окуудан өткөрүлөрүн билдирген.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 526 адамга жукту, алардын 40 158и айыкты, 1062 бейтап каза болду. (RK)