Беларуста Координациялык кеңештин мүчөсү Мария Колесникова уурдалды

Мария Колесникова.

Беларустагы оппозициянын Координациялык кеңешинин мүчөсү Мария Колесникованы 7-сентябрда Минскиде белгисиз адамдар уурдап кетишти. Күбөлөрдүн айтымында, аны Улуттук көркөм музейдин жанынан «Байланыш» деген жазуусу бар чакан автобуска күчтөп салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.

Колесникованын телефону жооп бербей жатат жана беларус бийлиги бул окуя тууралуу комментарий бере элек. Координациялык кеңештин басма сөз катчысы Антон Родненков Колесникова Минскинин борборунда өзү жалгыз жүргөнүн билдирди.

Мария Колесникова президенттикке талапкер катары катталбай калган, ушул тушта камакта отурган Виктор Бабариконун штабы башчысы болгон. Соңку президенттик шайлоодо ал президенттикке талапкер, Александр Лукашенконун башкы саясий атаандашы Светлана Тихановская менен каттоодон өтпөй калган дагы бир талапкердин аялы Валерия Цепкало менен бириккен. Ал «үчилтик» деген аталыш менен таанылган бул топтун Беларуста калган жалгыз мүчөсү эле. Ал жекшембидеги президент Александр Лукашенкого каршы нааразылык акцияларына катышкан.

Минскиде жекшембидеги «Биримдик жүрүшүнө» түмөндөгөн адамдар катышкан. Милиция айрым демонстранттарды кууп таратып, бери дегенде 200дөй адам камалган.

Дагы караңыз

Кыргыз-казак чек арасы мигрантты кыйнадыЫктыярчы медиктер Орусияга кайта албай жататСаркарбаевдин унутулган чырлуу иши«Бүтүн Кыргызстан» БШК менен соттошот Балдар адабияты замандан артта калды