ЕАЭБ Өзбекстанга биримдикке байкоочу макамын берүүнү карайт

Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕАЭК) 4-сентябрда Өзбекстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) байкоочу өлкө катары катышуусу тууралуу маселени карады. Акыркы чечимди ЕАЭБге кирген мамлекеттердин жетекчилери кабыл алат.

ЕАЭКтин басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, 2016-2019-жылдары Өзбекстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 60% өсүп, 8,4 млрд. долларды түздү.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы Биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. Молдова да байкоочу өлкө статусуна ээ.

Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин жарыялаган. Алар: жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү. Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар.

Бирок жергиликтүү талдоочулар Кыргызстан биримдиктин пайдасын сезбей жатканын, айрым учурларда уюмга мүчө өлкөлөр чек арадагы текшерүүнү күчөтүп тоскоолдуктар болуп турарын сындап келишет. (BTo)