КМШ, ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери жыйынга чогулду

ЖККУ, ШКУ жана КМШга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынынын катышуучулары. Москва. 4-сентябрь, 2020-жыл.

Орусиянын баш калаасы Москвада 4-сентябрда Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюму, Шанхай кызматташтык уюму жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин биргелешкен жыйыны өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.

Орусия төрагалык кылган жыйынга Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев башында турган делегация да катышты.

Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына карата жыйынга чогулуу тууралуу демилге Орусияга тиешелүү.

Жыйында эл аралык, аймактык коопсуздук, коронавирус пандемиясынын жайылышына каршы күрөш талкууга алынды.

Жыйынтыгында Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдыгы боюнча биргелешкен коммюнике кабыл алынды. Аскердик тармактагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү багытында 15тен ашык чечимге кол коюлду.

Анда КМШ, ЖККУга мүчө мамлекеттер өз ара кызматташып, коопсуздукту камсыздоо тармагында иш-аракеттер ишке ашырыла турганы жазылган. (NT)