Коронавирус инфекциясы менен күрөш боюнча республикалык штабдын жана Саламаттык сактоо министрлигинин айрым кызмат адамдарынын шалаакылыгына байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
Мындан тышкары Финполиция дары саткан фармацевтикалык ишканалардын кызыкчылыгын жана мамлекеттик келишимдер үчүн зыяндуу корутундуларды көз көрүнөө эле жактоодогу коррупциялык иш-аракеттер жана мамлекетке ири же өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген мамлекеттик сатып алуу иштери боюнча сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кабарлады.
Дагы караңыз
Ашхабадда COVID-19дун симптомдору бар бейтаптар көбөйдү«Атамды сүзгөн адамды издейм»Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиКоопсуздук кеңешинин катчылыгы коронавирустун жайылуу себептерин иликтейтКатчылык коронавируска каршы күрөштөгү коррупция, шалаакылык боюнча колунда бар маалыматтары менен бөлүшүүнү бардык жарандардан, эксперттерден жана жарандык коомдон өтүнүүдө. Ага ылайык, алынган маалыматтар терең иликтенип, талданат жана Коопсуздук кеңешинин кийинки жыйынына чыгарылат.
Июль айынын башында Кыргызстанда дары-дармек кымбаттап, айрымдары таптакыр табылбай калган. Көпчүлүк адамдар канды суюлтуучу антикоагулянттарга, антибиотиктерге жана вируска каршы дарыларга муктаж болушкан. Финансы полициясы дары-дармектерди кымбат саткан дарыканалар жоопко тартыларын эскертип, айрымдары кармалганын кабарлаган. (ZKo)