ИИМдин башчысы Жунушалиев Баткен облусун кыдырды

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Баткенде. 2020-жылдын 3-сентябры.

Парламенттик шайлоого карата коопсуздук чаралары, коомдук тартипти камсыздоо иши күчөтүлүшү зарыл. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 3-сентябрда Баткен облусунун милиция мекемелерин кыдырып, кызматкерлери менен жолукканда айтты.

Министр ички иштер органдары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө багытында кызматын натыйжалуу аткарып, мыйзамдуулукту жана тартипти сактоого милдеттүү экенин белгиледи.

«Ар бир кызматкер алдына коюлган талаптарга жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек, биздин милдет - элдин тынчтыгы»,- деди Жунушалиев.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Баткенде. 2020-жылдын 3-сентябры.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева «Азаттыкка» кабарлагандай, министр Кадамжай райондук ички иштер башкармалыгынын имаратынын курулушу менен таанышты. Ички коопсуздук аскер кызматынын Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы Интернационал айылында жайгашкан №707 аскер бөлүгүнүн өзүнчө ротасынын имаратын куруу иштерин көрдү. Кулунду айылында коомдук тартипти жана элдин коопсуздугун камсыздаган милиция кызматкерлерине да укук тартибин сактоо максатында кошумча тапшырмаларды берди.

Ошол эле күнү министр Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Ички коопсуздук аскер кызматынын имаратынын жаңыдан башталган курулушу менен таанышып, чек ара аймактарында коомдук тартипти сактоо жана стратегиялык маанилүү объекттерди кайтаруу багытында иштеген кызматкерлер менен жолукту.

Министр облустун милиция жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери менен жыйналыш өткөрүп, шайлоого байланыштуу эреже-мыйзамдардын талаптарын кынтыксыз аткарууну талап кылды. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү, укук бузуунун алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча тапшырмаларды берди. Эл менен сылык жана жоопкерчиликтүү мамиледе болуу, кызматтык тартипти бекем сактоо, кесиптик деңгээлди жогорулатуу, жүрүм-турум маданиятын өнүктүрүү маанилүүэкенин белгиледи.

2-сентябрда ИИМ башчысы Ош облусун кыдырган. Бүгүн 4-сентябрда иш сапар менен Жалал-Абад облусунда жүрөт.

4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышын шайлоо болот. Бул саясий өнөктүккө 15 партия катышууда.

4-сентябрда үгүт өнөктүгү расмий башталып, талапкерлер жер-жерлерди кыдыра башташты. (JsA/RK)