«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы сотко кайрыларын белгилеп, бирок сот арызын канааттандырат деген ишеними жок экенин билдирди:
«Кыргызстанда мыйзам жолу менен, Конституция жолу менен бир маселе чечилет деп айтууга такыр мүмкүн эмес. Мени «соңку романтик» деп айтып жүрүшчү. Эми ал романтика бүттү. Эгер эл укугун коргоп, көчөгө чыкса, мен алардын алдында болом».
Адахан Мадумаров 25 жыл мурун эл саясатчыларды ээрчиген заман болсо, учурда эл саясатчылардын алдына чыгып, талап кылууга өттү деп ойлой турганын кошумчалады.
Дагы караңыз
«Бүтүн Кыргызстан» сотко кайрылат (видео)Адахан Мадумаров: укуктук талаада күрөшөбүзБШК шайлоого катышууга 15 партияга уруксат бердиБШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап жатат.
Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага катышууга 15 саясий партия укук алды. (ZKo)