Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга документ тапшырган 17 партиянын 15ин расмий каттоого алды.
Алар:
- «Мекен Ынтымагы»;
- «Мекенчил»;
- «Ыйман Нуру»;
- «Чоң Казат»;
- «Реформа»;
- «Республика»;
- «Социал-демократтар»;
- «Биримдик»;
- «Мекеним Кыргызстан»;
- «Ордо»;
- «Кыргызстан»;
- «Бир Бол»;
- «Замандаш»;
- «Ата Мекен»;
- «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы».
Ал эми «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларына саясий жарышка катышууга уруксат берилген жок.
Партиялар 24-августта документтерин тапшырып, БШК бир жума бою талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерди.
Эреже бузган деген негизде «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган, бирок бул партия сотто БШКны утуп алган.
БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү боюнча жыйындарын 2-3-сентябрда өткөрдү. 4-сентябрда партиялардын үгүт иштери башталат.
120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттары беш жыл сайын шайланат. 21 жаштан өткөн кыргыз жарандары талапкер боло алышат. (SE)