Партияларды каттоого алууда «Бүтүн Кыргызстанга» байланыштуу талаш чыкты

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров.

Партияларды парламенттик шайлоого катыштыруу үчүн расмий каттоого алуу боюнча жыйында «Бүтүн Кыргызстан» партиясына байланыштуу маселе коюлду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова 17:53тө партияны каттоого алуу тууралуу чечимдин долбоору жазылганын, бирок саат 18:45тен 20:00гө чейинки танаписте долбоор өзгөрүп, каттоого албоо тууралуу документ сунуш кылынганын айтып, жумушчу топко суроо салды.

Абдрахматова өзгөрүүнүн негиздери жазылган документти көрсөтүүнү суранды.

Жумушчу топтун өкүлү Акылбек Эшимов партияга байланыштуу буга чейинки чырдын жагдайларынан улам ушундай чечим кабыл алынганын белгиледи, бирок Абдрахматова сураган документ көрсөтүлгөн жок. Жыйын уланууда (20:55).

Буга чейин да бул партиядагы талапкерлерге байланыштуу талаш чыккан.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого баратканын айткан Турсунбай Бакир уулу талапкерликтен чыгып калганын билдирип, партия лидери Адахан Мадумаровго кине койгон. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү мыйзам бузулбаганын айтышкан.

2-сентябрда БШКнын жумушчу тобу ушул маселеде жыйынга чогулуп, партиянын ички ишин сотто чечип алууну сунуш кылган. Жыйынга Мадумаров да, Бакир уулу да катышкан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Саясий жарышка катышууга 17 партия 24-августта документ тапшырган.

БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү жараянын 3-сентябрда аякташы керек. 4-сентябрда үгүт башталат. (SE)