БШК партияларды расмий каттоодон өткөрүп жатат

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга документ тапшырган бардык 17 партияны расмий каттоодон өткөрүп жатат.

3-сентябрда саат 19:00гө чейин «Мекен Ынтымагы», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Социал-демократтар», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» партияларынын маалыматтары угулуп, саясий жарышка уруксат берилди. Жыйын уланууда.

2-сентябрда «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы», «Бир Бол», «Замандаш», «Ата Мекен» партиялары каттоодон өткөн.

Партиялар 24-августта документтерин тапшырып, БШК бир жума бою талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерди.

Эреже бузган деген негизде «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган, бирок бул партия сотто БШКны утуп алган.

БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү жараянын 3-сентябрда аяктап, 4-сентябрда үгүт башталат.

120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттары беш жыл сайын шайланат. 21 жаштан өткөн кыргыз жарандары талапкер боло алышат. (SE\TSh)