Өзбекстан Кыргызстандан келген жарандарды карантинге албайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстан Кыргызстанда эки жума жүргөн жана коронавирус жукпаганын тастыктаган кагазы бар жарандарды карантинге албайт. Саламаттык сактоо министрлиги мындай талап 1-сентябрдан тартып күчүнө киргени билдирди. Ошондой эле бул күндөн баштап эки өлкөнүн ортосундагы машине каттамдарына салынган чектөө да алынганын, бирок санитардык-гигиеналык талап күчөтүлгөнүн айтты.

Буга чейин Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Өзбекстандан келген жарандар үчүн мындай талап жок экенин маалымдаган.

Ушул айдан тартып эки өлкөнүн ортосундагы «Достук», «Кызыл-Кыя» жана «Маданият» чек ара бекеттеринен эки тарапка адамдар мурункудай каттай башташты.

Эки өлкөнүн чек арасындагы каттамга март айында коронавирус пандемиясынан улам чектөөлөр киргизилген.