Кыргызстандыктардын 70% Интернетке туташа алат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы элдин 99% мобилдик байланышка ээ, анын ичинен 70% Интернетке туташууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул маалыматты Улуттук статистика комитети Интернеттин эл аралык күнүнө карата таратты. Анда жазылгандай, өлкөдө 15 жаштан жогорку курактагылар Интернет пайдаланышат. Алардын ичинен активдүүлөрү 15-28 жаштагылар.

Кыргызстанда мобилдик байланыш өткөн кылымдын 90-жылдарында пайда болгон.

1969-жылы 2-сентябрда АКШнын Калифорния университетинде катарлаш компьютерлер алгачкы жолу ийгиликтүү түрдө маалымат алмашкан. Ушундан улам дүйнөлүк коомчулукта бул күн Интернеттин эл аралык күнү катары белгиленип келет. (ZKo)