Депутат Тынчтыкбек Шайназаров мандатын тапшырып, БШКнын мүчөсү болуп дайындалды

Тынчтыкбек Шайназаров.

Жогорку Кеңештин 3-сентябрдагы сессиясында «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын депутаты Тынчтыкбек Шайназаров Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү болуп дайындалды. Анын талапкерлиги жыйында көпчүлүк добуш менен колдоого алынды.

Шайназаров БШКнын мүчөсү болуп шайланганына байланыштуу бүгүндөн тартып мандатын тапшырганын билдирди.

Тынчтыкбек Шайназаровдун талапкерлигин парламенттеги коалициялык көпчүлүк көрсөткөн. Ал БШКнын мурдагы мүчөсү Назарали Ариповдун ордуна барат. Арипов парламенттик шайлоого талапкер болуп катталгандыктан, Боршайкомдогу мүчөлүк ыйгарым укуктарын токтоткон.

Мыйзам боюнча, БШК 12 мүчөдөн куралат. Анын төртөөнү президент, калгандарын фракциялар сунуш кылып, парламенттин жалпы жыйынында шайланат.

Кыргызстанда 120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. (NT)