2-сентябрь күнү ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Ошко барып, облустук жана шаардык ички иштер башкармалыктарынын иши менен таанышты.
Ал милиция кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, аларды мыйзамдуулукту сактоого, адамгерчилик, мекенчилдик жана тартиптүүлүк принциптерин жогору коюуга чакырды.
«Эл бизге ишенип, чоң үмүт менен карап турат, коомдук тартиптин жана мыйзамдын сакталышына биз жооптуубуз», - деди министр.
Дагы караңыз
Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары бийлик криминалга жеңилгенин айттыЖунушалиев: «Коопсуз шаардын» камералары Торугартка чейин коюлатШаардык сот «Азия Ньюсту» министрге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирдиАндан кийин ал Баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын түштүк башкармалыгынын иши менен таанышты.
Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн курулуп жаткан үйдүн курулушун көрдү.
12 кабаттуу, 240 батирлүү үй быйыл пайдаланууга берилет.
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. (DU)