«Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүү жөнүндө сунуш колдоо тапкан жок

Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого каттоодон баш тартуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобунун сунушу колдоо тапкан жок.

Аталган партияга каршы Турсунбай Бакир уулу жазган арызды караган жумушчу топтун жыйыны 2-сентябрда болду.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого баратканын айткан Бакир уулу талапкерликтен чыгып калганын билдирген. Ал партиянын эң жогорку органы болгон жыйындын чечимин өз алдынча бурмалоого жол берген деген негиз менен партия лидери Адахан Мадумаровго кине койгон.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү эч кандай эреже бузулбаганын айтып, конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 10-бөлүкчөсүндө тизмени өзгөртүү шарттары каралганын жүйө келтиришүүдө.

Жумушчу топтун жыйынына Мадумаров да, Бакир уулу да катышты.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова түшүндүрмөдө бул жолку чечим жалпы шайлоонун жүрүшүнө таасир этерин айтып, партия ичиндеги талаштарды сот аркылуу чечүү сунушталды.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Саясий жарышка катышууга 17 партия 24-августта документ тапшырган.

БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү жараянын 3-сентябрда аякташы керек. 4-сентябрда үгүт башталат. (SE\TSh)