Ысык-Көлдө 2600дөн ашык кишиден коронавирус жана пневмония табылды

Кыргызстандагы ооруканалардын бири. Август, 2020-жыл.

Ысык-Көл облусунда 18-июлдан 29-августка чейин үймө-үй кыдырып, коронавирусту аныктоо иштери жүргүзүлдү.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штаб 1-сентябрда билдиргендей, кыдыруунун жыйынтыгында коронавирус менен пневмонияга чалдыккан 2621 адам аныкталды.

Алардын баарына тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөнү маалымдалды.

Дарыгерлер бир жарым ай аралыгында аймакта жалпысынан 112 500 үйдү кыдырып чыккан. Алар 514 миңден ашык кишинин саламаттыгын текшерген.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган март айынан бери Кыргызстанда коронавирустун курмандыктары 1060 кишиге жетти. Илдетке чалдыккандардын расмий эсеби 43 958ди түзүп, анын 38 649у айыкты. Кыргызстанда 18-августка чейин вирустан жалпы 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий маалымдалган.

Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын билдирген.

Азыр стационарларда 704, үй шартында 4 856 бейтап дарыланууда. (NT)