Тихановская БУУнун Коопсуздук кеңешинде сөз сүйлөйт

Светлана Тихановская.

Беларустагы соңку президенттик шайлоодо Александр Лукашенкого башкы саясий атаандаш болгон, ушул тушта Литвада баш калкалап жаткан Светлана Тихановская Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинде сөз сүйлөйт. Анын штабы Тихановская видео байланышка 4-сентябрда чыгарын кабарлады. Андан сырткары Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясында да баяндама жасамакчы.

Ал арада Балтика боюндагы үч өлкө - Литва, Латвия жана Эстония биргелешип Александр Лукашенко баштаган 30дай беларус аткаминерине санкция салганы жатат. Бул тууралуу 31-августта Литванын президенти Гитанас Науседа билдирди.

Беларустагы соңку президенттик шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Канада, Британия тааныган эмес. Орусия болсо Лукашенкону кызуу колдоп, «зарыл болсо Беларуска аскер жөнөтөрүн» жарыялаган.

Шайлоонун расмий жыйынтыгында Лукашенко 80%, Тихановская 10% ашык добуш алды деп көрсөтүлгөн. Бирок жыйынтык бурмаланып, добуштар уурдалганын айткан түмөндөгөн эл 9-августтан бери Минск баштаган бир катар шаарларда көчө жүрүштөрүн өткөрүп келет.