31-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат, калган аймактарда жамгыр жаабайт.
Күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, тоолуу райондордо карга айланат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 25...27;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16...21, күндүз 28...33;
Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30;
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32;
Бишкек шаарында түнкүсүн 14...16, күндүз 28...30 градус ысык болот.