29-августта COVID-19 дартынан жана пневмониядан каза болгондордун жаркын элесине арналган «Эскерүү шамы» акциясы болот. Коронавирус инфекциясынан каза болгондорду шам жагып, эскерүү демилгесин Бишкек мэриясы көтөргөн.
Демилгечилер кечки саат 21:30да электр жарыгын өчүрүп, терезени ачып, шам жагып, каза болгондорду эскерүүнү сунушташууда.
Дагы караңыз
Тумоонун кесепетин иликтөө талабы жаңырды«Сактанып жүрсөм да вирус жукту»COVID-19: АКШ менен Кыргызстандагы айрым окшоштуктарБылтыр декабрда Кытайдын Ухань калаасынан чыккан COVID-19 вирусу 2020-жылдын алгачкы айларынан тарта дүйнөнүн булуң-бурчуна тараган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, 29-августка карата жалпы дүйнө жүзүндө 24,9 млн. адам коронавирус илдетине чалдыкты. 842 миңден ашуун адам оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышты. 17 миллиондон ашуун киши илдетти жеңип, сакайып чыкты.
Кыргызстанда бул илдет алгачкы жолу 18-мартта үч адамдан табылган. 29-августка карата коронавирус жана пневмониянын лабораториялык тастыкталган 125 жаңы учуру аныкталды. Жалпысынан пандемия башталгандан бери коронавирус илдетине чалдыккандардын саны өлкөдө 43 712 адамга жетти. 1058 адам оорудан көз жумду. Дээрлик 38 миң адам илдеттен сакайып чыкты.(ZKo)